Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдын басма сөз кызматы билдирди.
КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрындагы токтому менен Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларын төмөнкүлөргө ылайык келтирүүгө багытталган өзгөртүүлөр киргизилди:
- КРнын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына;
- ФАТФнын эл аралык стандарттарына;
- Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана кылмыштуу ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун сунуш-көрсөтмөлөрүнө;
- КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине;
- Улуттук банк Башкармасынын адистештирилген финансы уюмдарынын ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу маселелери боюнча мурда кабыл алынган токтомуна.
Жаңы чаралар бир катар тармактарга таасирин тийгизет:
- Талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу чөйрөсүнө кепилдик фонду - адистештирилген финансылык уюм кошулду;
- Банктардын ички аудитине коюлган талаптар күчөтүлдү - Банктын ККИК/ККЛК каршы аракеттенүү маселелери боюнча аудити үчүн жооптуу ички аудит кызматынын кызматкерлери КРнын финансылык чалгындоо органынын тиешелүү окуу борбору тарабынан берилген сертификатка ээ болууга тийиш.
- Акча алмаштыруу бюролорунда 1 млн сомдон башталган бир жолку операцияларда кардарларды жана бенефициарларды толук идентификациялоо жүргүзүлөт, ал эми Санкциялык тизмелер боюнча текшерүү бардык суммадагы операциялар үчүн милдеттүү болот. 1 млн сом жана андан жогору суммадагы накталай валюта менен операцияларды жүргүзүүдө анкета толтурулушу талап кылынат.
- Банктар, МФУлар, төлөм уюмдары жана акча алмаштыруу бюролору каржылык чалгындоо органына бенефициардык ээлеринин электрондук анкеталарын текшерүү жүргүзүлгөндөн же маалыматтар өзгөргөндөн кийин үч жумушчу күндөн кечиктирбестен берүүгө милдеттүү.
- Укук бузуулар боюнча иштерди кароо боюнча нускама КРнын минкабынын токтомдоруна ылайык келтирилди. Протоколдорду тариздөөнүн жаңыртылган стандарттары киргизилди, туум эсептөө тартиби такталды (кечиктирилген ар бир күн үчүн 1%) жана Улуттук банктын комиссиясы тарабынан токтомдорду чыгаруунун эрежелери жаңыртылды.
Токтом айрым учурларды кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Документ менен кененирээк бул жакты басып таанышууга болот.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.