Улуттук банк коллекциялык монеталардын эскиздерин иштеп чыгууга сүрөтчү-дизайнерлерге сынак жарыялады

Финансылык жөнгө салуу орган, 2026-жылга КРнын улуттук валютасынын эки күмүш коллекциялык монеталарынын дизайнына талаптарды жарыялады: «Тайган жарыш» жана «Өрүкзар» монеталары.

Улуттук банк коллекциялык монеталардын эскиздерин иштеп чыгууга сүрөтчү-дизайнерлерге сынак жарыялады
Сүрөт: Улуттук банк

Улуттук банк КРнын улуттук валютасынын коллекциялык монеталарынын эскиздеринин долбоорлорун 2026-жылга иштеп чыгуу үчүн сүрөтчү-дизайнерлер арасында  ачык сынак жарыялады.

Монетанын жасалгасына коюлган талаптар

«Тайган жарыш» коллекциялык монетасы:

  • монетанын алдыңкы бетине (аверс) Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий логотиби, негизги сюжети, монетанын номиналы (10 сом) жана «Тайган жарыш» / «Taigan Zharysh» жазуулары;
  • монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2026», «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» / «World Nomad Games» деген жазуулар түшүрүлүүгө  тийиш.

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28,28 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн. 

«Өрүкзар» коллекциялык монетасы:

  • монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (10 сом) жана «Өрүкзар» жазуусу;
  • монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2026», «Кыргызстандын жаратылышы» деген жазуу түшүрүлүүгө  тийиш.

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28,28 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.

Эскиздин долбоорлорун тариздөөгө талаптар:

  • А4 форматындагы фото кагаз, барактын жогору жагында монетанын аталышы, монетанын аверс/реверсинин көрсөтүлүшү, рельефтин нукура көлөмдө иштелип чыккан монетанын сүрөтү, чоңойтулган түрдө монетанын сүрөтү (150 мм) көрсөтүлөт;  
  • электрондук түрдө эскиздик долбоорлорду JPG форматында;
  • ар бир эскиздин долбооруна сунушталган коллекциялык монетанын дизайнынын маанисинин мазмуну боюнча комментарийлер тиркелиши керек.

Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлорун тапшыруу мөөнөтү 2025-жылдын 17-ноябрына чейин.

Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору «Сынак» (Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы үчүн) белгисин коюу менен, Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан Улуттук банктын 117-иш бөлмөсүнө, ошондой эле электрондук түрдө [email protected] электрондук дарегине тапшырылат.

Кошумча маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу алсаңыздар болот: 

  • 0312 66 92 24;
  • 0312 66 92 25. 

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.