5 млн сомго чейин: Улуттук банк алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарына болгон талапты акырындык менен жогорулатууну көздөөдө

КРнын Улуттук банк Башкармасынын «Алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады.

5 млн сомго чейин: Улуттук банк алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарына болгон талапты акырындык менен жогорулатууну көздөөдө
Иллюстрациялык сүрөт

Документ алмашуу бюролорунун системасын өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө жана алардын ишине болгон талаптарды жакшыртууга багытталган. 

1. 2026-жылдын 31-мартынан тартып жаңы түзүлгөн алмашуу бюролору, кошумча алмашуу бюролору жана сезондук негизде ишкердигин жүргүзгөн алмашуу бюролору үчүн жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү төмөнкүчө белгиленсин: 

  • 2, 5 миллион сом, мында Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жайгашкан алмашуу бюролорун кошпогондо; 
  • 5 миллион сом – Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жайгашкан алмашуу бюролору үчүн; 
  • 1 миллион сом – жайгашкан жерине карабастан, сезондук негизде ишкердигин жүргүзгөн алмашуу бюролору үчүн.

2. Иштеп жаткан алмашуу бюролору, кошумча алмашуу бюролору жана сезондук негизде ишкердигин жүргүзгөн алмашуу бюролору үчүн жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү жана аны түзүү мөөнөттөрү төмөнкүчө белгиленсин: 

Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жайгашкан алмашуу бюролорунан башка алмашуу бюролору үчүн: 

  • 2026-жылдын 31-мартына чейин – 1 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө; 
  • 2028-жылдын 31-мартына чейин – 2 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө; 
  • 2030-жылдын 31-мартына чейин – 3 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө.  

Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жайгашкан алмашуу бюролору үчүн: 

  • 2026-жылдын 31-мартына чейин – 2 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө; 
  • 2028-жылдын 31-мартына чейин – 3 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө; 
  • 2030-жылдын 31-мартына чейин – 5 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө. 

жайгашкан жерине карабастан, сезондук негизде ишкердигин жүргүзгөн алмашуу бюролору үчүн:

  • 2026-жылдын 31-мартына чейин – 1 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө.

«Кыргызстанда валюта операцияларынын көлөмү өскөндүктөн алмашуу бюролорунун ишин жөнгө салууну кайра карап чыгуу зарылдыгы келип чыкты. Ал эми финансылык тобокелдик жагдайларынын жогорулашы, алгылыксыз ишкердик тажрыйбалары, ошондой эле операциялардын ачык-айкындуулугуна карата талаптардын күчөтүлүшү алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарын көбөйтүү боюнча ченемдик талаптарды катуулатуу зарылдыгы келип чыгууда», - деп жазылат докмументтин маалымкат-негиздемесинде. 

Токтом долбоорун кабыл алууда социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт.  

Токтом долбору менен толук бул шилтемени басып таашынсаңыз болот. 

Буга чейин алмашуу бюросу үчүн жүгүртүү капиталынын минималдуу өлчөмү канча болгонун эске салабыз.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.