КРнын Улуттук банк Башкармасы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Документ КРнын Улуттук банкынын ЧУА төмөнкү мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан:
- 2025-жылдын 24-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;
- 2025-жылдын 9-августундагы «Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;
- 2025-жылдын 26-июнундагы «Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;
- 2016-жылдын 16-майындагы «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси»;
- жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларын ылайык келтирүү.
Токтом долбоорунда төмөнкүдөй өзгөртүүлөр каралган:
- күрөөгө коюлган мүлктү милдеттүү камсыздандыруунун зарылдыгы;
- Финансылык мекемелерде маалымат берүү жана келишимдерди түзүү үчүн мамлекеттик тилге болгон талап, мамлекеттик тилди негизги тил катары белгилөө, зарыл болгон учурда расмий же башка тилге координациялоо жана которуу мүмкүнчүлүгү. Өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдин артыкчылыктуулугун сактоо менен кардарлар үчүн ийкемдүүлүктү жана жеткиликтүүлүктү жогорулатууга багытталган;
- «Эскирген аталыштар», «ревизиялык комиссия» аталышы азыркы учурда башкаруунун, бухгалтердик эсептин жана аудиттин заманбап практикасынын контекстинде эскирген деп эсептелет. Аудиттин жана ревизиянын дүйнөлүк практикасында белгиленген терминдер жана аталыштар көп учурда заманбап талаптарды жана стандарттарды чагылдыруу үчүн өзгөртүлөт, бул заманбап процесстерди жана милдеттерди түшүнүүнү жана шайкештикти жакшыртууга өбөлгө түзөт;
- Улуттук банктын ноталарынын статусу боюнча ЧУА Бюджеттик кодекске ылайык келтирүү. КРнын Бюджеттик кодексине ылайык, мамлекеттик баалуу кагаздар - министрлер кабинетинин (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын) атынан бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы) тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар. Ошентип, Улуттук банктын ноталары мамлекеттик баалуу кагаздар болуп санала тургандыгын белгилеген Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары Бюджеттик кодекске карама-каршы келет.
Токтом долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык же коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Документ менен кененирээк бул шилтемени басып, таанышууга болот.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.