Бул тууралуу Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришти.
КРнын Улуттук банк Башкармасы тарабынан кечээ, 3-декабрда «Акча которуулар боюнча комиссиялык сый акы алууга убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алынды.
Документ керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана калк үчүн эсеп ачпастан эл аралык акча которуу системалары аркылуу жүргүзүлгөн акча которууларды алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
КРнын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына тыюу салынат:
- мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу Кыргыз Республикасынын ичинде улуттук валютада акча которуулар боюнча кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн жеке кардарлардан алым (комиссия) алууга;
- Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системалары аркылуу ишке ашырылган акча которууларды эсеп ачпастан алууда акча которууларды алуучулардан комиссиялык сый акы алууга.
2. Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн комиссиялык жыйымдарды өндүрүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптары коммерциялык банктарга, төлөм уюмдарына жана эл аралык акча которуу системаларынын операторлоруна ушул токтомго карама-каршы келбеген бөлүгүндө жайылтыла тургандыгы белгиленет.
Токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана 2026-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.
Буга байланыштуу КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 23-октябрындагы «Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө» токтому күчүн жоготту.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.