Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2026-жылдын 15-июлундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому кабыл алынды. Буга чейин документ коомдук талкууга коюлган.
Документ рыноктун ачык-айкындуулугун жогорулатууга, көзөмөлдү жакшыртууга жана жөнгө салуучу тобокелдиктерди азайтууга багытталган. Өзгөртүүлөр, биринчи кезекте, Кыргызстанда иштеген эл аралык жана жергиликтүү акча которуу системаларынын операторлоруна тиешелүү.
Эмне өзгөрөт
Негизги өзгөртүүлөрдүн бири – операторлорду каттоо боюнча талаптар такталды. Эми документтерди тапшырууда алар электрондук почта дареги менен кошо байланыш маалыматтарын көрсөтүүгө милдеттүү болушат. Бул финансылык жөнгө салуучу органга рыноктун катышуучулары менен ыкчам байланышып, керектүү маалыматтарды ылдам алууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, Улуттук банк жаңы кызматтарды ишке киргизүү тууралуу билдирүү тартибин өзгөрттү. Эгер оператор жаңы продуктуну же кызматты киргизүүнү, же акча которуу тутумун жаңылоону пландаса, анда бул тууралуу жөнгө салуучу органга кеминде 15 жумуш күнү мурда маалымдап, өзгөртүүлөрдүн толук баяндамасын берүүгө милдеттүү. Ушул эле мөөнөт тутумдун иштөө эрежелерине өзгөртүү киргизилген учурда да колдонулат. Буга чейин мөөнөт календардык күндөр менен эсептелчү.
Дагы бир маанилүү өзгөртүү акча которуу тутумунун операторун каттоону жокко чыгарууга байланыштуу. Эми Улуттук банк компанияны реестрден анын өзүнүн арызынын негизинде гана эмес, төмөнкү учурларда да чыгара алат:
- лицензиясы кайтарылып алынганда же жокко чыгарылганда;
- Кыргызстандын аймагындагы ишмердүүлүгү токтотулганда;
- каттоодон өткөндөн кийин узак убакыт бою кызмат көрсөтпөгөндө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын системалуу түрдө бузганда;
- жөнгө салуучу орган менен иш алып барууда жалган же так эмес маалымат бергенде.
Ошондой эле токтом менен отчеттуулукту тапшыруу тартиби жаңыртылды. Эми операторлор Улуттук банкка эрежелердин тиркемеси менен бекитилген жаңы форма боюнча жаңыланган кварталдык отчетторду тапшырып турушат.
Өзгөртүүлөр эмне үчүн кабыл алынды?
Улуттук банк белгилегендей, өзгөртүүлөр акча которуу тутумдарынын операторлорунун ишин жөнгө салууну өркүндөтүүгө жана көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Жаңы ченемдер рыноктун катышуучулары менен жөнгө салуучу органдын өз ара иштешүүсүн ачык-айкын кылып, технологиялык өзгөрүүлөр тууралуу өз убагында маалымат берүүнү камсыздайт жана өлкөнүн төлөм инфраструктурасы үчүн тобокелдиктерди азайтууга жардам берет.
Ошону менен катар акча которуу кызматтарын пайдаланган жарандар үчүн каражаттарды жөнөтүү жана алуу эрежелери өзгөрбөйт. Түзөтүүлөр негизинен акча которуу тутумдарынын операторлорунун ишмердүүлүгүнө жана алардын Улуттук банк менен өз ара аракеттенүү тартибине тиешелүү. Ошол эле учурда рыноктун катышуучуларына коюлган талаптардын күчөтүлүшү Кыргызстандагы акча которуу тутумунун ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.