Токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын КРнын Эмгек кодексинин жаңы редакциясына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.
«Нускаманын 1.7. бөлүгүндө эки ача чечмеленүүгө жол бербөө максатында, Улуттук банк гросстук системасынын иш регламентинин алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында эсептешүү банкы болуп саналгандыктан, «эсептешүү агенти» терминин алып салуу сунушталууда», - токтом долбоорунун негизги сунуштарынын бири.
Ошондой эле, токтом долбоорунда 3-бөлүмдөгү айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын иш регламентине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Белгилей кетсек, токтом долбоорунда жарандардын социалдык укуктарын чектей турган, адам укуктарын, гендердик теңчиликти бузган же айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизген жоболор камтылган эмес.
Документ менен кененирээк бул шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот.
Төлөм системасынын катышуучулары токтом долбооруна карата өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен,[email protected] / [email protected] электрондук почта дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.