Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине шилтеме берүү менен Улуттук статистикалык комитет жарыялады.
Документте бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 18,1%га аз экени көрсөтүлгөн.
Жумушсуз жарандардын жалпы санынын ичинен 45,3 миң адам катталган жумушсуздар деп таанылган, бул бир жыл мурункуга салыштырмалуу 21,4% аз.
Маалыматка ылайык, катталган жумушсуздардын дээрлик жарымын – 45,7%ын аялдар түзөт.
Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздук деңгээли 2025-жылдын 1-августуна карата 1,6%ды түздү.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.