Соцконтракттын жардамы менен 12 миңден ашык үй-бүлө өз бизнесин башташты

10-ноябрга карата республика боюнча аз камсыз жана жакыр үй-бүлөлөр менен 12 201 социалдык контракт түзүлдү.

Соцконтракттын жардамы менен 12 миңден ашык үй-бүлө өз бизнесин башташты
Сүрөт: Эмгек министрлиги

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт.

Жакырчылыктан чыгуу үчүн колдоо

Программанын максаты — аярлуу үй-бүлөлөргө өз ишин өнүктүрүү аркылуу жакырчылыктан чыгууга багытталган даректүү колдоо көрсөтүү. Социалдык контракттын алкагында катышуучулардын бизнес-долбоорлору айыл чарба, өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү сыяктуу тармактарда ишке ашырылууда.

Долбоорду ишке ашыруу багыттары

Түзүлгөн социалдык контракттар төмөнкү багыттарды камтыйт: 

  • Эң көп  айыл чарба тармагы 9373 долбоор; 
  • Кызмат көрсөтүү тармагында — 1112 долбоор; 
  • Өндүрүштө — 925; 
  • Соода тармагында — 727 долбоор ишке ашырылууда.

Катышуучулардын көбү - аялдар

Катышуучулардын жалпы санынан 10 902син аялдар түзөт. 2025- жылга белгиленген квота 13 333 катышуучуну түзөт.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек