Соцфонддон билдиришкендей, аталган механизм жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатына багытталган.
Пенсиялык топтоо каражаттарын пайдалануунун негизги багыттары
1. Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөп берүү
Жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар болсо «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына ылайык пенсия алган жана пенсия алууга укуктуу пенсионерлерге төлөнүп берилет.
2. Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөнүн чегинен тышка чыкканда
Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кеткен же кетип жаткан жарандар да жеке камсыздандыруу эсептеринде сакталган пенсиялык топтомолорун ала алышат.
3. Мураскорлор
Жаран каза болгон болсо, ал тирүүсүндө камсыздандырылса, жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтолгон каражатты маркумдун мураскорлору алууга укуктуу.
4. Аскер кызматкерлерине төлөө
Аскер кызматкерлеринин жаш курагы жалпы белгиленген 63 жашка жетип, аскердик кызматка чейин же андан кийин жарандык чөйрөдө иштеген жана Соцфондго тиешелүү төгүмдөрдү төлөгөн жарандарга карата колдонулат.
5. Турак жай шарттарын жакшыртуу
Пенсиялык топтоо каражаттары төмөнкүлөр үчүн пайдаланылышы мүмкүн:
- ипотекалык насыялоо;
- баштапкы төлөм;
- мурабаха келишими боюнча турак жай сатып алган жарандар (ислам каржылоо);
- үлүштүк турак жай курулушуна катышкандар;
- курулуш субъекттери тарабынан салынган даяр объектилер боюнча бөлүп төлөө келишиминин негизинде төлөмдөрдү жүргүзүп жаткандар;
6. Жумушсуздук
Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдар эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмүн эске алып пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат.
7. Оор ооруларды дарылоо
Оор дартка кабылган жарандар жана алардын үй-бүлөлөрү дарыланууну каржылоо үчүн пенсиялык топтомо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда ала алышат.
2026-жылдын 1-февралына карата топтомо каражаттарын төлөөнү каржылоонун статистикасы:
Пенсиялык топтомо каражаттарын алгандардын жалпы саны 229 434 адам 6, 073 млрд сом суммасында, анын ичинде:
- Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөө –201 235 адам (3,175 млрд сом);
- Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткендерге төлөө –
4 552 адам (256,3 млн. сом); - Каза болгон адамдардын мураскорлоруна төлөө –12 021 адам (368,9 млн. сом);
- Аскер кызматчыларына төлөө – 1006 адам (11,9 млн.сом);
- Ипотекалык кредит алып жаткандарга – 391 адам (89,1 млн.сом);
- Ипотекалык кредит алгандарга – 8 242 адам (1 863,4 млн.сом);
- Турак жайды ижарага алуу боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөргө МИК – 398 адам (64,7 млн. сом);
- Курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга – 431 адам (102,5 млн. сом);
- Расмий түрдө жумушсуз деп таанылгандарга төлөө -329 адам (6,2 млн.сом);
- Оор оорулары бар адамдарга төлөө – 829 адам (135,0 млн. сом).
Социалдык фонддон белгилешкендей, ар кандай шартта жана кырдаалдарда жарандарга колдоо көрсөтүү менен пенсиялык топтоо каражаттарын ар тараптуу пайдаланууга умтулат.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 1-декабрына карата жалпы суммасы 5 миллиард 877,8 миллион сомду түзгөн пенсиялык топтоолорду 227 354 адам алган.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.