Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, КРнын Министрлер кабинетинин «Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө» долбоору бекитилип, 2025-жылдын 2-октябрына карата 44 каржылоо субъекттерине 125,38 млн сом суммасында каржылоо кредиттери каржыланды.
Долбоор КРнын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги №354-токтому менен бекитилген жана төмөнкүлөргө багытталган:
- чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, колдоо;
- экономикалык өсүүнү стимулдаштыруу жана жакырчылыкты кыскартуу;
- аймактарды өнүктүрүү жана «жашыл» экономика;
- бизнес жана жеке адамдар үчүн жеңилдетилген кредиттерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү.
Аталган долбоорду ишке ашырууга «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коому катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 2025-жылга 500 млн сом суммасын түзөт.
Берилген насыялар өндүрүштү өнүктүрүүгө, инновациялык чечимдерди ишке ашырууга, өзгөчө өлкө аймактарында жумушчу орундарын түзүүгө багытталган.
Жеңилдетилген кредиттөө программасы улуттук экономиканы чыңдоо, чакан жана орто бизнестин финансылык туруктуулугун жогорулатуу, импортту алмаштырууга жана экологиялык таза өндүрүшкө багытталган ишканаларды колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү болуп саналат.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.