2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жүрөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо коэффициентин 1,2 өлчөмүндө, бирок 1 000 сомдон кем эмес жана 10 000 сомдон ашпаган өлчөмдө белгиленди.
Мындан тышкары жаңы пенсия чектөөдө, пенсиянын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен анын минималдык өлчөмү 8 800 сомдон төмөн болбошу керек.
Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча керектөө бааларынын индекси 8,2%ды, орточо эмгек акынын өсүшү 17,6%ды түздү. Ал эми индексациялоонун эсептик коэффициенти 1,13 түздү.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Социалдык фонддун маалыматына ылайык, пенсионерлердин саны 832,4 миң адамды түзөт. Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен индексациялоо жүргүзүүгө 4,4 млрд. сом каралган.
Кошулгандан кийин пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет, жогорулатуунун орточо өсүшү 1753 сомду түзөт.
Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстан 30-июлда мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо боюнча макулдашууга кол коюп, жарандардын пенсиялык стажын өз ара таанууну макулдашышкан.
Ошондой эле, Кыргызстан менен Австрия Социалдык камсыздоо жөнүндө макулдашууну даярдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктаганы маалым болгон.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.