ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдө баалар жана тарифтер өсүүдө

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдө керектөө баалары жана тарифтери көтөрүлүүдө. Казакстан инфляция боюнча алдыда келе жатат.

ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдө баалар жана тарифтер өсүүдө

Бул тууралуу КРнын Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

ЕАЭБ өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү экономикага жана калктын турмушуна таасирин тийгизген актуалдуу маселе болуп саналат.

2025-жылдын июнунда өткөн айга салыштырмалуу ЕАЭБдин бардык мүчө-өлкөлөрүндө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы катталды, Арменияны кошпогондо, 1,3 пайызга төмөндөө байкалган. Кыргызстанда баанын өсүшү (0,7 пайызга) белгиленди, бул азык-түлүк товарлардын (1,0 пайызга) бааларынын өсүшү менен шартталган. 

2025-жылдын июнунда 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (7,0 пайыз) Казакстанда катталган, бул баанын азык-түлүк товарларга (7,6 пайызга), азык-түлүк эмес товарларга (4,5 пайызга), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (8,7 пайызга) жогорулашы менен шартталган.

Эске салсак, 2025-жылдын май айында инфляциянын жогорку деңгээли Казакстанда катталган. 2024-жылдын декабрь айына салыштырмалуу өлкөдө керектөө баалары 6,1 пайызга өскөн.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.