Жыл башынан бери айыл чарбасын колдоого жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө 862 кепилдик бөлүнүп, жалпысынан 1413 кепилдиктен 57,4%ды түздү.
Айыл чарба тармагында иштеген ишкерлерди колдоого суммасы 289 миллион сом кепилдиктер берилди,ал эми кредиттердин көлөмү 726 миллион сомду түздү.
Кепилдиктердин эң көп бөлүгүн Жалал-Абад облусунун ишкерлери пайдаланып, аларга 57,5 млн сомдук 235 кепилдик берилген. Экинчи орунда Ош облусунун ишкерлери турат, алар 50,3 млн сомдук 163 кепилдик алышкан. Ал эми үчүнчү орунда 39,2 млн сомдук 129 кепилдик менен Чүй облусу турат.
Андан кийин, алдыңкы үч облустан кийин:
- Талас облусу - 75,1 млн сомго 99 кепилдик;
- Ысык-Көл облусу - 21,9 млн сомго 82 кепилдик;
- Баткен облусу - 20,4 млн сомго 81 кепилдик;
- Нарын облусу - 22,9 млн сомго 66 кепилдик.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.