КРнын Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, салыктык милдеттенменин датасы болуп төмөнкүлөр саналат, бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша:
- эсеп-фактурада көрсөтүлгөн жеткирүү күнү;
- контролдук-кассалык чек берилген күн;
- төлөм алынган күн;
Алдын ала алынган төлөм товар жүктөлө элек же кызмат көрсөтүлө элек болсо да, ал иш жүзүндө алынган отчеттук мезгилде дароо салык салынуучу базага кошулат.
Сатуудан алынуучу салык боюнча салык салуунун объектиси болуп накталай же накталай эмес формада төлөнгөн товарларды, иштерди же кызматтарды сатуу эсептелгендиктен, алдын ала төлөмдөр да алар түшкөн учурда отчетко киргизилет.
Ошентип, бирдиктүү салык жана сатуудан алынуучу салык боюнча отчеттун түшкөн кирешенин көлөмү көрсөтүлүүчү саптарында отчеттук мезгил ичинде түшкөн бардык каражаттар, анын ичинде алдын ала төлөм да кошулуп көрсөтүлөт.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.