КРнын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 12-сентябрында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдүкиргизүү тууралуу» токтомун кабыл алды.
КРнын Улуттук банк башкармасынын 15 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди, алар шариатка ылайык операциялардын натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат.
«КРнын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом күчүнө киргенден бери Улуттук банктын исламдык каржылоого тиешелүү бир нече токтомдору, ошондой эле бир катар документтердин пункттары күчүн жоготту.
КРнын Улуттук банкы ислам принциптеринде иш алып барган банктар үчүн капиталдын шайкештигинин стандарттарын аныктоо боюнча нускамага өзгөртүүлөрдү киргизди. Түзөтүүлөр биринчи кезекте капиталдын шайкештигин эсептөөдө эске алынган активдерге карата талаптарды тактоого багытталган.
Өзгөртүүлөр ислам принциптери боюнча иштеген банктардын активдеринин сапатына талаптарды күчөтүү аркылуу алардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун 8-пунктунда төмөнкүдөй баяндалган:
Шарият кеңешинин жобосу төмөнкүлөрдү аныкташы керек:
- Шарият кеңешинин ишин уюштуруу (регламент) - кеңештин курамы, жыйналыштын тартиби;
- Шарият кеңешинин ыйгарым укуктары жана милдеттери;
- Башкармалык жана Каржылоо комитети менен өз ара аракеттенүү тартиби;
- жеке же сырттан өткөрүлүшү мүмкүн болгон жыйналыштарды өткөрүүнүн тартиби. Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн физикалык катышуусу менен жыйындар жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлүшү керектиги белгиленсин, ал эми жыйынга Шарият кеңешинин мүчөлөрүнүн 2/3 бөлүгү катышса, күн тартибиндеги маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга Шарият кеңеши ыйгарым укуктуу;
- Шарият кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун тартиби.
КРнын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана жөнгө салынуучу банктарда жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарда ички көзөмөлдү жана ички аудит системасын түзүүнүн эрежелеринин 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
- «Ички шариаттык аудити – ички аудит жүргүзүү жана башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү үчүн түзүлгөн ички шариат аудити боюнча көз карандысыз ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн (же ыйгарым укуктуу аудитордун) иши банктын Шариат кеңешине объективдүү баа берүүнүн жана банктын ички көзөмөл системасын өркүндөтүү боюнча сунуштардын негизинде банкты натыйжалуу шариат башкарууну камсыз кылуу, банктын операциялары жана ишмердүүлүгү боюнча банктын ички контролдук системасынын жетиштүүлүгүн (адекваттуулугун) жана натыйжалуулугун текшерүү жана баалоо үчүн ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат.
- Шариат стандарттарынын сакталышына ички көзөмөл – бул банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялардын жана иш-чаралардын ирээттүү жана натыйжалуу ишке ашырылышын камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылуучу үзгүлтүксүз процесс.
Токтом менен кененирээк бул шилтемеден таанышсаңыз болот.
Документ жарыяланган күндөн 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.