Мамлекеттерден да бай. Илон Масктын байлыгы тарыхый чектен ашты

Америкалык бизнесмен Илон Масктын жеке байлыгы 600 миллиард доллардан ашып, дүйнөлүк рекорд койду.

Мамлекеттерден да бай. Илон Масктын байлыгы тарыхый чектен ашты
Сүрөт: интернеттен алынды

Бул тууралуу Forbes журналы билдирди. 

Басылманын маалыматы боюнча, декабрь айынын башында SpaceX акцияларын кайра сатып алуу сунушун жарыялап, анын рыноктук баасын 800 миллиард долларга чейин көтөргөн. Салыштыруу үчүн, август айында компаниянын баасы 400 миллиард доллардын тегерегинде болгон. Ушундай шартта Масктын байлыгы 168 миллиард долларга көбөйүп, 677 миллиард долларга жетти, бул дүйнөлүк тарыхта болуп көрбөгөндөй көрсөткүч.

«Илон Маск байлыгы 600 миллиард доллардан ашкан биринчи адам болуп калды. Буга чейин эч ким 500 миллиард долларга жеткен эмес», - деп баса белгилейт Forbes басылмасы.

Эске сала кетсек, ушул жылдын октябрь айында Маск 500 миллиард доллардан ашкан байлыгы менен тарыхта биринчи миллиардер катары катталган.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.