Рубль кескин арзандады: Кыргызстанда валюталар курсу кандай өзгөрдү
Август айында Кыргызстандын валюта рыногунда өзгөрүүлөр болду: евро менен теңге кымбаттап, рубль арзандады, ал эми доллар мурдагы деңгээлинде калды.

Иллюстрациялык сүрөт
Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Жылдын алгачкы сегиз айында 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу доллардын курсу дээрлик өзгөргөн эмес - болгону 0,1%га өскөн. Орточо эсеп менен 1 доллар 87,45 сомду түзгөн.
Ал эми августка чейин башка валюталарда кыйла байкаларлык өзгөрүү болгон:
- евро 4,7%га кымбаттап - 101,65 сомду түзгөн;
- орус рубли 9,9%га жогорулап - 1,13 сомго жеткен;
- казак теңгеси 7,6%га өсүп - 0,18 сомду түзгөн.
Бирок август айында кырдаал өзгөрдү. Июль айына салыштырмалуу евро 1,5%га, ал эми теңге 1,4%га кымбаттады.
Ал эми орус рубли, тескерисинче, дароо 6,2%га арзандады. Бул учурда доллардын курсу өзгөрүүсүз калды.
247
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.