Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Орусия Кыргызстанга салык системасын жакшыртууга жардам берет

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Бангкок шаарында өткөн Дүйнөлүк банктын тобу жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жылдык жыйынына катышты.

Орусия Кыргызстанга салык системасын жакшыртууга жардам берет
Сүрөт: МСК

Жыйындын алкагында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана салыктык башкарууну санариптик трансформациялоого, ошондой эле алардын инвестиция тартуудагы жана экономикалык өсүштү камсыз кылуудагы ролуна арналган панелдик талкууда сөз сүйлөдү.

Алмамбет Шыкмаматов санариптик өзгөрүүлөрдүн негизги максаты жөн гана технологияларды киргизүү эмес, мамлекеттик процесстерди өркүндөтүп, аларды жарандар жана бизнес үчүн ыңгайлуу кылуу экенин баса белгиледи.

 «Биз мамлекеттик аппараттын күчүн жакшы билебиз. Ошол эле учурда анын алсыз жактарын да билебиз: эгерде процесс туура уюштурулбаса, жакшы кызматкер да күн сайын системанын кемчиликтерин кол менен оңдоого аргасыз болот. Ошондуктан санариптештирүүнүн максаты кызматкерди компьютер менен алмаштыруу эмес. Максат - мамлекеттик система өз алдынча туура иштей тургандай шарт түзүү», - деп билдирди ал. 

МСКнын башчысынын айтымында, салттуу модель жөнөкөй эле: ишкер маалымат берет, мамлекет аны текшерет, андан кийин инспектор келип, ошол эле маалыматты кайра текшерет. 

«Бирок бүгүнкү күндө маалыматтардын чоң көлөмү кассалык операцияларда, электрондук эсеп-фактураларда, бухгалтердик программаларда жана бажы системаларында санариптик форматта түзүлүүдө. Мамлекет автоматтык түрдө ала турган маалыматты эмне үчүн кайра талап кылышы керек? Ишкер эмне үчүн буга убакыт коротушу зарыл? Ошондуктан биз салык кызматы маалыматтарды түздөн-түз экономикалык операциялардан алып, аларды автоматтык түрдө талдай турган моделге өтүп жатабыз», - деп белгиледи ал. 

Жолугушуунун жыйынтыгында Алмамбет Шыкмаматов жана Россия Федерациясынын Федералдык салык кызматынын жетекчисинин орун басары салыктык башкаруу системаларынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюшту.

Тараптар Кыргызстан менен Орусиянын салык кызматтарынын 2021-жылдан бери уланып келе жаткан натыйжалуу кызматташтыгын белгилешти.

Юлия Шепелева кыргыз тарапка беш жылдан бери жемиштүү кызматташып келе жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, жаңы келишим Кыргызстандагы салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана практикалык тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.