Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазып чыкты.
«Күзгү сессияда наристе төрөлгөндө кредиттик эс алуу берүү маселесин карайбыз», - деп билдирген Жуков журналисттерге.
Кеп керектөө кредиттерин төлөө боюнча алты айга кийинкиге жылдыруу маселесине тиешелүү. Демилге «Керектөө кредити жөнүндө» федералдык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.
Буга чейин бул мыйзам долбоору мыйзам чыгаруу иши боюнча өкмөттүк комиссиядан колдоо тапкан. Мыйзам долбоору ымыркай төрөлгөндөн кийинки мезгилде үй-бүлөлөрдүн каржылык жүгүн жеңилдетүүгө багытталган.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.