Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык, кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында билим алуучуларды, ошондой эле жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүүнүн программаларын өздөштүрүп жаткан адамдарды социалдык колдоону жана аларга материалдык дем берүүнү күчөтүү максатында, токтом кылынат:
- 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын билим алуучуларына, ошондой эле жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткан адамдарга төлөнүүчү стипендиялардын өлчөмдөрү жогорулатылсын.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
- «Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул Жарлыкты ишке ашырууга зарыл болгон бюджеттик каражаттарды карасын.
КРнын президентинин 2005-жылдын 19-январындагы №20 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баштапкы, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттеринин жана окуучуларынын стипендиясынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө» Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.