Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,1 пайызга көп.
Керектөө бааларынын көтөрүлүшүн эсепке алганда, отчеттук мезгил ичинде реалдуу эмгек акы 10,2 пайызга жогорулады.
Орточо айлык номиналдык эмгек акынын өсүү темпи экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрлөрү боюнча байкалган.
Айлык акынын эң олуттуу өсүшү төмөнкү тармактарда катталды:
- кыймылсыз мүлк менен болгон операциялар — 32,2 пайызга;
- мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздоо тутуму — 31,6 пайызга;
- курулуш тармагы — 30,8 пайызга;
- кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк — 29,6 пайызга;
- административдик жана көмөкчү ишмердүүлүк — 28,5 пайызга;
- саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө - 22,8 пайызга;
- мейманканалар менен ресторандардын ишмердүүлүгүндө - 20,3%га.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.