SECO Кыргызстанда өткөөл экономикалуу өлкөлөргө көмөк көрсөтүү программасынын алкагында иштейт. Негизги басым - туруктуу экономиканы, каржы секторун жана мамлекеттик башкарууну өнүктүрүүгө жасалат.
«Өнүгүү үчүн каржы» программасы боюнча техникалык жардамдын алкагында SECO төмөнкүлөргө колдоо көрсөтөт:
- банк секторун өнүктүрүүгө;
- каржы системасынын туруктуулугун жогорулатууга;
- каржы рыногун жөнгө салууну өркүндөтүүгө;
- банктык көзөмөлдүн эл аралык стандарттарын киргизүүгө.
SECO каржы туруктуулугу жана банк системасына болгон ишеним менен байланышкан реформаларды колдойт, бул депозиттерди коргоо системасы менен түздөн-түз байланышкан.
2026-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинде (мындан ары - Агенттик) аткаруучу директордун орун басары Нурлан Байбосунов менен Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) Берндеги программалар боюнча менеджери Рональд Гиндраттын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга Швейцариянын Бишкектеги Элчилигинин экономикалык өнүктүрүү жана башкаруу багытынын жетекчиси Рено Винье, Кыргыз Республикасындагы Швейцария Элчилигинин экономикалык маселелер боюнча улуттук программалык кызматкери Айым Бииназарова, Агенттиктин Депозиттерди коргоо фондун башкаруу бөлүмүнүн начальниги Бакыт Базарбаев, персонал жана байланыштар бөлүмүнүн начальниги Айдар Олжобаев жана башкы адис Бабур Абдилов да катышты.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу алкагында SECO тарабынан каржыланып жаткан учурдагы долбоорлордун жыйынтыктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин административдик функцияларынын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга басым жасоо менен мындан аркы жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн Агенттик тарабынан сунушталган келечектеги долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.