Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы маалымдайт.
10-сентябрда 550 млн сом суммасында, жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт.
Эске салсак, 20-августта жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казына векселдерин 300 млн сом суммасында жайгаштыруу боюнча аукцион өткөн.
Ал эми 13-августта да жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон 300 млн сомдук МКВны жайгаштыруу боюнча аукцион өткөн.
Мамлекеттик баалуу кагаздар өлкөнүн финансылык системасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтчасы аркылуу мындай баалуу кагаздардын эки негизги түрү - МКВ жана МКО сатылат. Мамлекеттик казына векселдеринин жана мамлекеттик казына облигацияларынын ар бир чыгарылышынын көлөмү Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө» мыйзамында тиешелүү жылга белгиленген чектүү көлөмгө жана мамлекеттик бюджеттин учурдагы тартыштыгына жараша КРнын Финансы министрлиги тарабынан аныкталат.
Өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик баалуу кагаздар мамлекеттик ички карызды калыптандыруунун жана ишке ашыруунун негизги булагы бойдон калууда. Ошондой эле алар социалдык программаларды жана долбоорлорду каржылоонун эң маанилүү булактарынын бири болуп саналат. МБКнын ээлери мамлекетти каржылоо менен бирге, баалуу кагаздарга ээлик кылган бардык мөөнөт ичинде туруктуу киреше алышат.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.