Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, долбоор министрлер кабинетинин 2026-жылдын 12-январындагы буйругу менен бекитилген.
Программа пайыздык ченди субсидиялоону карайт жана өндүрүш тармагындагы чакан жана орто бизнести колдоого багытталат.
Кайсы банктар аркылуу каржылоону алууга болот
Маалыматка ылайык, насыя төмөнкү финансы-кредиттик уюмдар аркылуу берилет:
Долбоор 2026-2030-жылдар аралыгында ишке ашырылат. Негизги максат - тармактын өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, экспорт көлөмүн көбөйтүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү, анын ичинде региондордо ишкердикти өнүктүрүү болуп саналат.
Кеңеш алуу үчүн байланыш
Кеңеш алуу жана арыз берүү үчүн ишканалар төмөнкү байланыш номерлерине кайрылса болот:
- «Элдик Банк» ААК – +996 (706) 911 111, 9111;
- «Айыл Банк» ААК – +996 (990) 55 11 00, 5511;
- «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ААК – +996 (557) 95 67 99;
- «Керемет Банк» ААК – +996 (997) 55 44 44, +996 (312) 55 44 44.
Насыя алуу үчүн талап кылынуучу документтердин тизмеси жана насыялоо шарттары боюнча кошумча маалымат жогоруда көрсөтүлгөн финансы-кредиттик уюмдар тарабынан берилет.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.