Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын натыйжасында, милиция кызматкерлери тарабынан абоненттик номурларды активдештирүү жана аккаунттарды сатуу менен алектенген 1999-жылы туулган Ф.В. аттуу жаран аныкталып, кармалды. Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал активдештирген номурлар жабырлануучуга карата алдамчылык аракеттерди жасоодо колдонулган.
Мындан тышкары, жабырлануучунун акча каражаттары которулган банктык эсептин ээси болгон 2007-жылы туулган А.Д. аттуу жаран дагы аныкталып, кармалган. Тергөөдө анын банктык картасын үчүнчү жактарга кылмыштуу схемага пайдаланууга берип койгону белгилүү болгон.
Соттун чечими менен эки шектүүгө тең Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында кармоо менен эки ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Ыкчам жүргүзүлгөн тинтүү учурунда төмөнкүлөр табылды:
- ар түрдүү байланыш операторлоруна тиешелүү 155 SIM-карта,
- 7 уюлдук телефон,
- 2 ноутбук,
- алтын түстөгү буюмдар салынган 8 зип-пакет табылган (экспертизага жөнөтүлдү).
«ИИМ жарандарды банк карталарын, эсептерин, SIM-карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга бербөөгө чакырат. Ошондой эле белгисиз адамдардан келген чалууларга жана билдирүүлөргө этият мамиле кылуу зарыл. Алдамчылар көп учурда жарандардын акча каражаттарын ээлеп алуу үчүн психологиялык басым көрсөтүү жана алдоо ыкмаларын колдонушат», - деп билдиришти аталган министрликтен.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.