Бул тууралуу Талас облустук сотунун маалыматында айтылат.
Иштин материалдарына ылайык, 2025-жылдын декабрь айында бир нече адам банктын кызматкери менен алдын ала сүйлөшүп алып, насыя алуу үчүн документтерди тариздөөдө башка жарандын паспортун колдонушкан.
Тергөө версиясы боюнча, алар кол тамганы жасалмалап, банктын эсебинен 500 миң сомду чыгарып кетишкен.
Банктын кызматкерине карата өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2026-жылдын 19-сентябрында ал кармалып, камакка алынган.
Айыпталуучу жана анын жактоочусу камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү өтүнүшкөн. Алар айыпталуучу күнөөсүн мойнуна аларын, туруктуу жашаган жери бар экенин жана тергөөдөн жашынуу ниети жоктугун жүйө келтиришкен.
Бирок Талас облустук соту апелляциялык даттанууну канааттандыруудан баш тартып, камакка алуу тууралуу чечимди өзгөртүүсүз калтырган.
Иштин материалдарына ылайык, ага коюлган берене боюнча мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Айыпталуучунун күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот аныкташы керек.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.