Салык кызматы ишкерлердин ЭЭФин бөгөттөп, кассалык аппараттарын өчүрө алат
Товарга тиешелүү документтердин жоктугу, экспорттун ырасталбашы же санкциялык тобокелдиктер - эми ЭЭФти бөгөттөөгө негиз болушу мүмкүн. Салык кызматынын жаңы ыйгарым укуктарын министрлер кабинети бекитти.

Эми салык органдары санкциялык саясатка байланыштуу тобокелдиктер жаралган учурда электрондук эсеп-фактуралар (ЭЭФ) системасындагы эсептик жазуулардын ишин убактылуу токтото алат, ошондой эле контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) каттоодон чыгара алат.
Тиешелүү №773 токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 25-ноябрында кол койгон. Документ «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.
Документке ылайык, салык кызматы бир катар мыйзам бузуулар жана тобокелдиктер аныкталган учурда электрондук документ жүгүртүүгө катышуучунун ЭЭФ системасындагы эсептик жазуусун убактылуу токтото алат. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:
- электрондук эсеп-фактуралар жазылган товарлардын жоктугу;
- товарлардын келип чыгышын тастыктаган документтердин жоктугу;
- товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү фактыларынын болбогону аныкталса;
- салыктык отчеттуулуктун тапшырылбашы;
- экспорттук жеткирүүлөрдүн ырасталбашы;
- санкциялык саясатты ишке ашыруунун алкагында экономикалык же финансылык туруктуулукка коркунуч жаралышы мүмкүн экендиги тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билдирүүсүнүн болушу.
Муну менен катар системага кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүү да каралган. Эгерде жалган товар жеткирүү тобокелдиктери ырасталбаса же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган экономикалык же финансылык туруктуулукка коркунуч жок экендигин билдирсе, салык кызматы эсептик жазуунун ишин кайра жандандыра алат.
Ушундай эле өзгөртүүлөр контролдук-кассалык машиналарга да тиешелүү. Эми салык кызматы аларды колдонуу эрежелери бузулганын аныктаса же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан санкциялык тобокелдиктер тууралуу билдирүү алса, ишкердин арызы жок эле ККМди каттоодон чыгара алат.
Ошол эле учурда ыйгарым укуктуу орган тиешелүү тобокелдиктер жок экенин ырастаса, ишкердин өз арызысыз эле кассанын ишин кайра калыбына келтирүүгө болот.
Токтом расмий жарыялангандан жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.