Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Салыктык эсептен чыгарууларды 10 эсеге көбөйтсө, үй-бүлөлөр үчүн эмне өзгөрөт

Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев жана депутат Мирлан Жеенчороев Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты.

Салыктык эсептен чыгарууларды 10 эсеге көбөйтсө, үй-бүлөлөр үчүн эмне өзгөрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Документтин маалымкат-негиздесеминде белгиленгендей, киреше салыгы боюнча салыктык жүктү кыйла адилет бөлүштүрүүнү камсыз кылууга багытталган, анда кирешелери ар кандай болгон салык төлөөчүлөрдүн төлөгөн салыктары адилетүү болушу керек. 

Учурда жеке эсептен чыгаруулардын өлчөмү 650 сомду түзөт, ал эми үй-бүлөдөгү ар бир багуусундагы адам үчүн жыйынды кирешеден кошумча ай сайын эсептен чыгаруунун өлчөмү 100 сом. Мыйзам долбоорунун авторлору белгилегендей, бул суммалар 2001-жылдан бери өзгөртүүсүз калып, кабыл алынгандан берки мезгил ичиндеги инфляцияны да, эмгек акынын деңгээлиндеги өзгөрүүлөрдү да эске албай келет.  

Мыйзам долбоору кабыл алынса, жеке эсептен чыгаруулардын өлчөмү 10 миң сомду түзөт, ал эми салык төлөөчүнүн багуусундагы ар бир адам үчүн эсептен чыгаруунун өлчөмү - 5 миң сом болмокчу. 

Демилегчилердин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда орточо айлык номиналдык эмгек акы 44 миң сомдон ашат, ошол эле учурда жеке эсептен чыгаруулардын көлөмү эмгек акынын 1,46%ын түздү. Мыйзам кабыл алынгандан кийин ал орточо айлыктын 22,5%ын түзөт.

Мисалы, эгер жаран 50 миң сом тапса, анын үй кожойкеси болгон жубайы жана үч баласы бар болсо, анда учурдагы мыйзамдарга ылайык, киреше салыгынын өлчөмү болжол менен айына 4 895 сом болот. Мыйзам долбоору кабыл алынса, киреше салыгынын өлчөмү болжол менен 2 000 сомго кыскарат. Мында үй-бүлө ай сайын болжол менен 3 000 сом үнөмдөп, каражаттарды үй-бүлөлүк керектөөлөргө же балдардын өнүгүүсүнө жумшай алышат. 

Демилгечилердин эсептөөлөрү боюнча, үй-бүлөлөр кошумча кирешесинин көбүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жумшашат, бул бизнес жүгүртүүнүн өсүшүнө жана КНС, сатуудан салык жана башка төлөмдөрдөн бюджетке кошумча түшүүгө алып келет.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, 2025-жылы киреше салыгы боюнча түшүүлөр 35,55 млрд сомду түздү. Ошону менен катар иштеп чыгуучулар социалдык чегерүүлөрдүн көбөйүшү жөн гана салыктык жеңилдик эмес, үй-бүлөлөрдү колдоо жана экономиканы стимулдаштыруу чарасы болоруна ишеним артышат.

Ошондой эле түшүндүрмө берүүчү бөлүктө, бир катар өлкөлөрдө базалык салыктык эсептен чыгаруунун өлчөмү кыйла жогору экендиги белгиленет. Тактап айтканда, Казакстанда базалык салыктык эсептен чыгаруунун өлчөмү 39%ды түзөт, ал эми Кыргызстанда бул көрсөткүч эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири бойдон калууда.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, жаңы жоболор акыркы 25 жылдагы жарандар үчүн салыктык эсептен чыгаруулардын эң чоң өсүшүн көрсөтөт.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.