Кыргызстанда тигүү жана текстиль тармагы үчүн салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү азайтылды

Мамлекеттик салык кызматы тигүү жана текстиль өнөр жайынын субъекттери үчүн киреше салыгынын ставкалары жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөтүлгөнүн маалымдады.

Кыргызстанда тигүү жана текстиль тармагы үчүн салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү азайтылды
Сүрөт: интернеттен алынды

Өзгөртүүлөр «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүнө  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган.

Мыйзамга ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тарта бул тармактагы ишкерлер ар бир кызматкер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт: 

  • орточо айлык эмгек акынынын 40 пайызынын 12 пайызы өлчөмүндө;
  • киреше салыгы орточо айлык эмгек акынын 1 пайызы өлчөмүндө; 

2026-жылдын 1-январынан тарта ишкерлер бир кызматкер үчүн төмөнкүлөрдү төлөшөт: 

  • камсыздандыруу төлөмү - 2 115,5 сом.
  • киреше салыгы - 440,7 сом.

Бир кызматкер үчүн жалпы төлөмдөрдүн суммасы 2 556,2 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, 2026-жылы орточо айлык эмгек акы 44 070 сомду түзөт.

Бул өзгөртүүлөр ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого, салыктык жүктү азайтууга, салыктык башкарууну жакшыртууга, ошондой эле өндүрүштү өнүктүрүү, продукциянын ички жана тышкы рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жумуш менен камсыздоону стимулдаштыруу жана тармактын экспорттук потенциалын өстүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 31-декабрында салык жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Документ 2025-жылдын 5-декабрындагы экономиканы колдоо чаралары жөнүндө жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.