Маалыматка ылайык, салык төлөөчүлөр төлөм кодун же QR-кодду өз алдынча cabinet.salyk.kg сайтында салык төлөөчүнүн кабинетиндеги «Салык төлөө» бөлүмүнөн же «Salyk.kg» мобилдик тиркемеси аркылуу түзө алышат. Ошондой эле төлөм коддорун аймактык салык органындагы «бирдиктүү терезеден» алууга болот.
Жаңылануу салык төлөө процессин жөнөкөйлөтүү, салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында киргизилүүдө. Жаңы тартиптин артыкчылыктары:
- төлөнгөн суммаларды бюджетке дароо эсепке алуу;
- банктардын кассаларында реквизиттерди кол менен толтуруу учурундагы каталарды жоюу;
- салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын тездетүү жана жогорулатуу.
Салык кызматы жарандарды жаңы тартип менен алдын ала таанышып, салыктарды өз убагында төлөө үчүн санариптик мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга чакырат.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.