Өз сөзүндө Федерациянын жаңы шайланган президенти делегаттарга ишеним көрсөтүшкөнү үчүн ыраазычылыгын билдирип, жаңы кызматты биринчи кезекте спортчулардын жана өлкөнүн алдындагы жоопкерчилик катары кабыл аларын белгиледи.
«Спортчубуз мамлекеттик желектин алдында татамиге чыкканда, анын артында бүтүндөй Кыргызстан турат. Биздин милдет – спортчулар, машыктыруучулар жана жалпы команда үчүн мыкты шарттарды түзүп, кыргыз дзюдосунун өнүгүшүнө жана эл аралык аренада жаңы жеңиштерге жетишине өбөлгө түзүү»,– деп белгиледи Тимур Ибрагимов.
Алдыдагы негизги милдеттердин бири – бул улуттук курама команданын жакынкы эл аралык мелдештерге даярдыгын камсыз кылуу. Муну менен катар Федерация бүтүндөй олимпиадалык циклге багытталган системалуу ишти жолго коюуну көздөөдө. Анын алкагында окуу-машыгуу жыйындарын, мелдештерди, спортчулардын калыпка келүүсүн жана медициналык коштоону алдын ала пландаштыруу каралат.
Аймактарда дзюдону өнүктүрүүгө, спорттук мектептерди колдоого жана улуттук курама команданын резервин даярдоого өзгөчө көңүл бурулат. Федерациянын иши машыктыруучулар, спортчулар, медициналык штаб жана аймактардын өкүлдөрү менен туруктуу диалогдун негизинде жүргүзүлөт.

Буга чейин бекитилген өнүктүрүү программасы мындан аркы иштин негизги багыты бойдон калат. Ошол эле учурда айрым багыттарды күчөтүү, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана конкреттүү спорттук милдеттерди ишке ашырууга өнөктөштөрдү тартуу пландалууда.
Тимур Ибрагимов башкаруу жана банк ишмердиги тармагында мол тажрыйбага ээ. Федерациядагы ишинде ал системалуу мамилеге таянып, спорт коомчулугунун кесиптик тажрыйбасын эске алууну жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик алууну көздөйт.
«Алдыда бизди биргелешип алып баруучу чоң иш күтүп турат. Күч-аракетибизди бириктирүү менен кыргыз дзюдосун жаңы деңгээлге чыгарып, бүтүндөй Кыргызстан сыймыктана турган жыйынтыктарга жетише аларыбызга ишенем»,– деди Федерациянын жаңы президенти.




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.