Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Токмокто ишкерлерди текшерүү менен коркутуп, акча талап кылышкан

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Токмок шаарындагы ишкерлерден акча өндүрүү боюнча коррупциялык схеманы ачыктаганын маалымдады.

Токмокто ишкерлерди текшерүү менен коркутуп, акча талап кылышкан
Сүрөт: УКМК

Маалыматка ылайык, Ц.Д.В. аттуу жеке жактоочу белгисиз адамдардын жардамы менен объектилерди куруп жаткан ишкерлерге кысым көрсөтүп келген. 

Икерлерге ИИМ, прокуратура, УКМК, экология кызматтары, мэрия жана башка органдар тарабынан текшерүүлөр уюштурулары тууралуу коркутуулар айтылып, ошондой эле социалдык тармактарда жалган маалыматтар таратылары эскертилген.

Шектүү 15-май күнү талап кылынган 15 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин «опузалап талап кылуу» беренеси менен иш козголгон. 

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.