Бул тууралуу HeadHunter.kg платформасы жүргүзгөн изилдөөдөдө айтылат.
Эксперттердин айтымында, медианалык айлык бул орточо айлыкка караганда объективдүү көрсөткүч, анткени ал өтө жогору же өтө төмөн суммалардын таасирине кабылбайт жана кирешелердин чыныгы «ортосун» көрсөтөт.
Төмөндөө бардык аймактарда
Изилдөөнүн маалыматына ылайык, медианалык сунушталган айлык өлкөнүн көпчүлүк аймактарында төмөндөгөн:
- Бишкек ш.– 50 000 сом (–16,1%);
- Ош ш. – 35 439 сом (–16,7%);
- Токмок ш.– 35 000 сом (–22,2%);
- Кара-Балта ш. 30%га кыскаруу;
- Кант ш. – 63,3% минус;
- Каракол ш. –85,7% минус;
- Балыкчы ш. –84,6% минус;
- Манас ш. –77,3% минус.
HeadHunter платформасы, мындай олуттуу кыскаруу айрым шаарларда жогорку айлык төлөнүүчү вакансиялардын азайышы жана массалык жумуш орундарга болгон сунуштардын көбөйүшү менен түшүндүрөт.
Эмгек рыногундагы жалпы тенденциялар
2025-жылдын үчүнчү чейрегинде Кыргызстандагы эмгек рыногу дээрлик бардык тармактарда айлык акылардын деңгээлинин оңдолушу менен мүнөздөлүүдө. Ошол эле учурда, Бишкек жана Ош шаарлары медианалык көрсөткүчтөр боюнча лидерликти сактап турат.
Эксперттер бул төмөндөөнү вакансиялардын түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жана жогорку квалификациядагы адистерге болгон суроо-талаптын бир аз азайышы менен байланыштырышат.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы
Улуттук статистикалык комитеттин расмий маалыматына ылайык,
2025-жылдын январь–июль айларында (чакан ишканаларды эсепке албаганда) бир жумушчунун орточо номиналдык эмгек акысы 42 522 сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,4%га өскөн.
Мында керектөө бааларынын индексин эске алуу менен реалдуу эмгек акы 12%га жогорулаган.
Айлык акылардын өсүшү бардык экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүндө байкалган.
Эң чоң өсүү төмөнкү тармактарда катталган:
- кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө — 39,9%;
- курулуш — 39,4%;
- административдик жана жардамчы ишмердүүлүк — 30,3%;
- профессионалдык, илимий жана техникалык ишмердүүлүк — 28,4%;
- саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык тейлөө — 27,9%;
- мейманканалар жана тойканалар — 26,8%;
- мамлекеттик башкаруу жана коргоо;
- милдеттүү социалдык камсыздандыруу — 24,7%;
- финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу — 21,7%;
- башка тейлөө ишмердүүлүктөрү — 21,7%.
Ошентип, расмий статистика орточо номиналдык айлыктардын туруктуу өсүшүн көрсөтүп жатат, бирок ошол эле учурда HeadHunter платформасынын маалыматтары жумуш базарындагы медианалык сунуштардын төмөндөшүн чагылдырат. Бул көрүнүш иштеп жаткан жарандардын реалдуу кирешеси менен жаңы сунушталып жаткан вакансиялардагы эмгек акы шарттарынын ортосундагы айырмачылыкты көрсөтөт. Мындай абал эмгек рыногунун түзүмүндөгү өзгөрүүлөрдүн жана массалык кесиптерге болгон суроо-талаптын өсүшүнүн натыйжасы болушу мүмкүн.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.