Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

«Унаа»: баштапкы төлөмсүз автокредит - кредиттердин көлөмү 650 млн сомго жакындады

«Кепилдик фонд» ААКсы жарандарга автоунааны баштапкы төлөмсүз кредитке алууга мүмкүнчүлүк берген «Унаа» кепилдик продуктусун ишке ашырууну улантууда.

«Унаа»: баштапкы төлөмсүз автокредит - кредиттердин көлөмү 650 млн сомго жакындады
Фото: Getty Images

2026-жылдын башынан тартып «Унаа» продуктусунун алкагында «Кепилдик фонд» ААКсы 81,1 млн сом суммасында 198 кепилдик берди. Кепилдик колдоонун аркасында автоунаа сатып алууга жалпы суммасы 386,8 млн сом болгон автокредиттер тартылды.

«Унаа» продуктусу ишке киргизилгенден бери жалпысынан 138,3 млн сом суммасында 352 кепилдик берилип, автоунаа сатып алууга 648,7 млн сом кредиттик каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Продуктунун механизми автокредит алууда негизги көйгөйлөрдүн бирин - карыз алуучунун баштапкы төлөм үчүн каражатынын жоктугун чечүүгө мүмкүндүк берет. Зарыл болгон камсыздоону «Кепилдик фонд» ААКсы кепилдик түрүндө берет.

«Унаа» жарандардын автоунааны кредитке сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, баштапкы төлөм үчүн зарыл болгон каражаты жок жарандар үчүн автокредиттөөнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.