usd
87.38 / 87.800.00 / 0.00
Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны төрттөн бирине азайды. Жумушсуздуктун деңгээли эң жогору болгон үч аймакка Ош, Жалал-Абад жана Баткен кирет.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын 1-октябрына карата иш менен камсыз кылуу кызматынын мамлекеттик органдарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 61,5 миң адамды түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 20,9%га аз.
Анын ичинен - 42,7 миң адам жумушсуз деп катталган, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 24,5%га аз.
2025-жылдын 1-октябрына карата аймактык көрсөткүчтөр:
Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 46,4%ын аялдар түзөт. Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 1,5%ды түздү.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.