Кыргызстанда каякта көп айлык төлөйт: статистика

Кыргызстанда 2025-жылдын январь-декабрында ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин орточо номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 44 419 сомду түздү.

Кыргызстанда каякта көп айлык төлөйт: статистика
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. 

Айлык акы 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,9%га өскөн, ал эми инфляцияны эске алуу менен анын реалдуу өлчөмү 9,9%га өскөн.

КРнын Улуттук банкы тарабынан белгиленген валюталардын расмий курсу боюнча, бул мезгилде бир кызматкердин орточо айлык акысы 508,5 АКШ долларын түздү.

Аймактар боюнча айлык акы

Эң жогорку орточо айлык Бишкек шаарында катталды — 56 936 сом. Андан кийин:

  • Ысык-Көл облусу — 48 миң 36 сом;
  • Нарын облусу — 41 миң 63 сом;
  • Талас облусу — 39 миң 601 сом;
  • Жалал-Абад облусу — 35 миң 390 сом;
  • Ош шаары — 35 миң 920 сом;
  • Чүй облусу — 34 миң 595 сом;
  • Баткен облусу — 32 миң 258 сом;

Эмгек акынын эң төмөнкү деңгээли Ош облусунда катталган – 27 255 сом.

Бюджеттик жана бюджеттик эмес чөйрөлөрдүн айырмасы

2025-жылы бюджеттик эмес тармактын кызматкерлеринин эмгек акысы бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысынан 1,7 эсеге көп болгон.

Каякта айлык акы батыраак өскөн 

2025-жылы эмгек акынын эң чоң өсүшү экономиканын төмөнкү тармактарында катталган: 

  • мамлекеттик башкаруу жана коргоо — +30,7%; 
  • курулуш — +30,1%; 
  • кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк — +30%; 
  • кыймылсыз мүлк менен операциялар — +29%; 
  • административдик жана көмөкчү ишмердүүлүк — +28,1%; 
  • электр энергетикасы, газ жана жылуулук менен камсыздоо — +25,2%.

Ошондой эле, өсүү саламаттыкты сактоо, транспорт, меймандостук, финансы, маалымат жана байланыш тармактарында да байкалган.

Эмгек акы боюнча карыздар азайды

2026-жылдын 1-январына карата республика боюнча эмгек акы боюнча жалпы карыз өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу 31,6%га азайган.

Карыздын эң көп бөлүгү төмөнкүлөргө туура келет: 

  • Чүй облусу — 44,8%; 
  • Жалал-Абад облусу — 35,6%; 
  • Бишкек шаары — 9,7%.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.