Сиз каражат коротууда «үнөмчүлсүзбү» же «жума күнкү арзандатууладын падышасысызбы»?

Жума – жумуш аптасынын аягы эле эмес, каржылык укмуштуу окуя! Кээ бирлер дем алыш күндөрүн кылдат пландаштырса, башкалары күтүлбөгөн жерден кандайдыр бир кадамдарга барышат. Каражат коротуу схемаңыз кандай экенин билип алыңыз. Андан сиз салкын гана каражат коротосузбу же гардеробуңузду жаңыртууну өзгөчө каалайсызбы, биле аласыз.

Сиз каражат коротууда «үнөмчүлсүзбү» же «жума күнкү арзандатууладын падышасысызбы»?

Каражатты ар кимимбиз ар кандай коротобуз. Бул тууралуу  «Азия Банк» ЖАКсы эске салды. 

Жума күнкү арзандатуулардын падышасы 

Сиз алдын-ала каякта жана кандай акция болуп жатканын билесиз. Анан дагы максималдуу үнөмдөгөндү да билесиз. Арзантадуу менен сатып алуу сиз үчүн – жеңп чыгуунун стратегиясы. 

Кеңеш: Арзандатуу менен алган товардын сакталуу мөөнөтүн текшерүүнү унутпаңыз жана сиз аны канча убакта колдонуп бүтөрүңүздү эсептеңиз.  

Импульсивдүү кардар

Сиз кичинекей гана нерсе алам деп келип, бирок гардеробуңузду дээрлик жаңылап салдыңыз. Жума күн сиз үчүн – бул өзүңүз үчүн кичинекей сюрприз. 

Кеңеш: «Күтүлбөгөн жерден акча коротуу» лимитиңизди бир аптага белгилүү бир суммага бекитиңиз. Өз бюджетиңизди ысырап кылып албоо үчүн белгилүү бир сумманы бөлүп коюңуз. 

Аптанын гурманы

Сиз кафеге эмес ресторанга барасыз. Сиз үчүн жума – бул , баштык толгон буюмдар эмес, тамактануу ырахаты.  

Кеңеш: Ресторанга барууну алдын-ала пландап алыңыз, атайын сунуштарга аш-тизмелерге маани бериңиз, мында сиз даамдуу тамактардан ырахат алып ашыкча чыгым кылуудан өзүңүздү коргойсуз.  

Минималист 

Сиздин жума күнүңүз тынчтыкка багытталган: чай, татуулар жана жагымдуу көркөм тасма. Сиз жөнөкөй кубанычтарды баалай аласыз жана чыгымдарыңызды да көзөмөлдөй аласыз. 

Кеңеш: Жума күндөрүңүздөгү үнөмдөгөн каражатыңызды инвестиция салууга мүмкүнчүлүктөрдү карап көрүңүз, бул сиздин финансылык турутуулугуңузду бекемдейт. 

Эмоция кармоочу

Сиздин чыгымдарыңыз – буюм эмес, таасирлер: кино, караоке, спектакль жана концерт. Жума күнкү сатып алуу – бул жаңы тарыхча.

Кеңеш: Иш-чарага билеттерди алдын-ала сатып алыңыз, эмнеге дегенде, акыркы учурларда же убакыттын аздыгынан көбүнчө билеттер кымбаттап кетет, бул сизди ашыкча акча коротуудан сактайт.  

Сиздин каражат коротуу стилиңизге карабастан, башкысы – жума күнкү коротуулар сизге кубаныч алып келип, ал эми бюджетиңиз көзөмөлдө калсын деген жагымдуу тилек.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.