Аталган программа үч этап менен ишке ашырылат.
Биринчи этап аймактарда турак жай алуу үчүн кезеке турган аялдарга каралган. Ага 2022, 2023 же 2024-жылдары кезекке тургандар катыша алышат.
Ал эми экинчи этап Бишкек жана Ош шаарларында кезекте турган аялдар үчүн.
Үчүнчү этап бул «Жашыл ипотека» программасы, ага турак жай алуу кезекте турган бардык жарандар, жынысына карабастан катыша алышат.
«Аялдар ипотекасы» программасынын негизги шарттары
Программага айлыгы 40 миң сомдон 120 миң сомго чейинки аялдар катыша алышат.
Катышуучулар 2022–2024-жылдар аралыгында турак жай алуу үчүн аймактык кезекте турган болушу шарт.
10% өлчөмүндөгү баштапкы төлөм талап кылынат.
Кандай турак жай сатып алууга болот?
- кайра сатуу рыногундагы аянты 100 чарчы метрге чейинки батир;
- аянты 200 чарчы метрге чейинки турак үй.
Тандоо кандай шартта өтөт?
Программанын талаптарына толук жооп бергендерге катышууга чакыруу камтылган алдын ала билдирүү SMS же кат аркылуу жөнөтүлөт.
Андан кийин талапкерлер «Элдик Банкка» кайрылышы керек. Банк алардын кредиттик таржымалын жана киреше деңгээлин текшерип, маектешүү өткөрөт жана насыя берүү маселеси боюнча чечим кабыл алат. МИК каржылоо чечимине катышпайт.
Кредиттин максималдуу суммасы
Каржылоо суммасы 7 миллион сомго чейин жетет. Сатып алынуучу батирдин же үйдүн баасы да бул суммадан ашпоого тийиш.
Аймактарда кезекте турган аялдар «Элдик Банктын» бөлүмдөрүнө кайрыла алышат. 2022-2024-жылдар аралыгында кезекке турган бардык жарандар тууралуу маалыматтар банкка өткөрүлүп берилди.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.