Улуттук банктын кирешесин бөлүштүрүү тартиби конституциялык мыйзамдын 12-беренеси менен жөнгө салынат. Анда пайданын кантип түзүлөрү, резервдердин эске алынышы жана республикалык бюджетке кандай бөлүгү багыттала турганы жазылган.
Улуттук банктын кирешеси валюта, баалуу кагаздар жана башка финансылык инструменттер менен болгон операциялардын эсебинен түзүлөт. Бөлүштүрүүдө активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резерв эске алынат, андан кийин каражаттар милдеттүү резервге багытталышы мүмкүн, ал эми калган бөлүгү - бюджетке которулат.
Конкреттүү үлүш жыл сайын өзүнчө конституциялык мыйзамдар менен бекитилет.
Акыркы жылдары мамлекет бюджетке багытталган кирешенин үлүшүн ырааттуу түрдө көбөйтүп келди. Эгер мурда бюджетке 70–90 пайызы которулса, азыр бүт кирешени которуу практикасы бекитилген.
Ошентип, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджетке пайданын 90%ы, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча дагы 90%ы жөнөтүлгөн, ал эми 10%ы резервде калтырылган. Андан ары 2023, 2024 жана 2025-жылдардын жыйынтыгы боюнча пайданын 100%ын республикалык бюджеттин кирешесине которуу каралган.
Мында каржылык отчеттуулукту көз карандысыз тышкы аудитор тарабынан тастыктоо милдеттүү шарт болуп саналат.
Улуттук банктын акыркы жылдардагы кирешесинин көлөмү кыйла өстү. 2016–2020-жылдары сумма 2–8 миллиард сомдун тегерегинде болсо, 2021-жылдан баштап көрсөткүчтөр көбөйө баштаган. 2021-жылы киреше 9 миллиард сомдон ашса, 2022-жылы 10 миллиарддан ашты. Ал эми 2023-жылы 12 миллиард сомдон, 2024-жылы дээрлик 46 миллиард сомдон ашып, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 60 миллиард сомдон ашты.
Бул каражаттардын бардыгы акыркы үч жылда толугу менен республикалык бюджетке которулууда.
Ошентип, Улуттук банк өлкөнүн бюджетин толуктоонун негизги булактарынын бири болуп калды.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.