Кыргызстанда 2028-жылга чейин Wildberries логистикалык борбору курулат

16-январда «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жыйынында жеңил өнөр жай тармагындагы, жумуш менен камсыз кылуу жана экономикалык кырдаал боюнча учурдагы абал тууралуу маалымат угулду. Жыйынга тигүү тармагынын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстанда 2028-жылга чейин Wildberries логистикалык борбору курулат
Сүрөт: Интернеттен алынды

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Тигүү тармагынын өкүлдөрү оор кырдаалдар тууралуу буларга токтолушту:  3 миңден ашуун тигүү цехи жабылып, миңдеген жарандар жумушсуз калды. Буга себеп катары: 

  • Wildberries маркетплейси менен иш алып барууда жаралып жаткан кыйынчылыктар жана Орусия рыногуна кирүүнүн чектелиши; 
  • лабораториялык базанын жана сертификациялоо мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугу Европа базарларына чыгууга тоскоол болууда; 
  • сатуу рынокторун диверсификациялоонун зарылдыгы. 

Буга байланыштуу тармакты жана ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого алуу өтүнүчтөрү айтылды.

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков белгилегендей, учурда Wildberries маркетплейси менен кызматташуу маселелери иштелип жатат. Ал Wildberries логистикалык борбору 2028-жылга чейин курулуп, пайдаланууга берилерин билдирди.

Бир катар депутаттар пикирлерин билдирип, алардын катарында Сеидбек Атамбаев тигүү тармагына Бангладештен, Пакистандан жана Өзбекстандан чет элдик адистерди тартуунун механизмдерине жана шарттарына көңүл бурду. Ал эми депутат Нилуфар Алимжанова ата мекендик тигүү продукциясынын сатуу рынокторун диверсификациялоо багытында комплекстүү иш жүргүзүү керектигин кошумчалады. 

Мындан тышкары, эл өкүлдөрү Кыргызстан ЕАЭБдеги мүчөлүгүнүн алкагындагы бардык экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга тийиштигин, транспорттук логистика жана сатуу рыногу боюнча маселелерди чечүү зарылдыгына токтолушту.

Жыйынтыгында «Ала-Тоо» депутаттык тобу белгиленген көйгөйлөрдү чечүү боюнча Министрлер кабинетине бир катар тапшырмаларды берди. Анын ичинде жеңилдетилген шартта насыялоо, сатуу рынокторун диверсификациялоо жана башка маселелерди кароо сунушталды.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.