2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча аял ишкерлерге берилген кепилдиктердин үлүшү жалпы кепилдиктердин 32%ын түздү - башкача айтканда, дээрлик ар бир үчүнчү кепилдик аялдар бизнесин өнүктүрүүгө багытталды.
Бул мезгил ичинде «Кепилдик фонд» ААКсы 297 млн сомдон ашык суммага 123 кепилдик берди. Натыйжада, дээрлик 1 млрд 242 млн сом көлөмүндө кредиттик каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул каражаттар экономиканын ар түрдүү тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга - айыл чарбасынан тартып соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө чейин багытталды.
Жалпысынан фонд ишмердүүлүк жүргүзгөн мезгил аралыгында аял ишкерлерге 5 млрд 134 млн сомдон ашык суммага 7 802 кепилдик берилди. Мунун аркасында 15 млрд 339 млн сомдон ашык көлөмдө кредиттик каражаттар тартылып, өлкөдө аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошулду.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.