Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстан менен Португалиянын ортосунда кош салык салуу жоюлушу мүмкүн

Эл аралык экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында Кыргызстан менен Португалиянын расмий делегациялары ортосунда маанилүү сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Кыргызстан менен Португалиянын ортосунда кош салык салуу жоюлушу мүмкүн
Сүрөт: Экономика министрлиги

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, тараптар кирешелерге салынуучу салыктар боюнча кош салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулап жатышат. 

Ведомство белгилегендей, мындай макулдашуунун түзүлүшү бир катар экономикалык артыкчылыктарды берет. Алсак, Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатып, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого өбөлгө болот.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан менен Кипр кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.