Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Дүйнөдө азык-түлүктүн рекорддук деңгээлде кымбатташы болжолдонууда

Жакынкы Чыгыштагы согуш жана климаттык өзгөрүүлөрдөн улам дүйнөдө азык-түлүктүн баалары ушул жылдын аягына чейин олуттуу өсүшү мүмкүн. Ал эми баалардын эң жогорку өсүү чеги 2027-жылы күтүлүүдө.

Дүйнөдө азык-түлүктүн рекорддук деңгээлде кымбатташы болжолдонууда
Иллюстрациялык сүрөт

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы экономисти Максимо Тореро билдиргендей, АКШ менен Ирандын ортосундагы согуштун кесепеттери дүйнөлүк азык-түлүк жеткирүүлөрүнө барган сайын күчтүү таасир тийгизип жатат.

Бул тууралуу Reuters басылмасы жазып чыкты.

Анын айтымында, Ормуз кысыгынын жабылышы эл аралык жүк ташууларды үзгүлтүккө учуратты. Ракеталык соккулар жана учкучсуз учуучу аппараттардын чабуул коркунучунан улам жүктөрдү камсыздандыруунун баасы жогорулап, айланып өтүүчү каттамдарды колдонуу жеткирүү мөөнөтүн жана чыгымдарын көбөйтүүдө.

Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун баамында, бул айыл чарба продукциясынын баасына сөзсүз таасирин тийгизет. Алгачкы олуттуу кымбаттоо ушул жылдын аягында күтүлсө, баалардын эң күчтүү өсүшү кийинки жылга болжолдонууда.

Мындан тышкары, дүйнөлүк рынокко Эль-Ниньо климаттык кубулушу да кошумча басым жасайт (бул учурда Тынч океандын экватордук бөлүгүндөгү жер үстүндөгү суулар адаттагыдан кыйла жылуу болот). Ар кайсы өлкөлөрдө кургакчылык менен селдин көбөйүшү түшүмдүн азайышына жана азык-түлүк коопсуздугунун начарлашына алып келиши мүмкүн.

Эксперттердин баамында, эң чоң тобокелчиликтер энергия булактарынын кымбатташы жана жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашы менен буга чейин эле күрөшүп жаткан жакыр өлкөлөргө жаралат.

Буга чейин Кыргызстанда 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча инфляциянын деңгээли мурда күтүлгөн 9 пайыздын ордуна 14–15 пайызга жетиши мүмкүн экени маалымдалган.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.