Бул тууралуу Binance Research жүргүзгөн изилдөөдө айтылат.
Талдоочулардын маалыматына ылайык, Z муунунун өкүлдөрүнүн 30%ы алгачкы инвестициясын университетте окуп жүргөндө эле жасашкан. Салыштыруу үчүн айтсак, бул көрсөткүч миллениалдарда – 15%, X муунунда – 9%, ал эми бэби-бумерлерде – 6%ды түзөт.
Ошол эле учурда жаш инвесторлор жакшыраак даярдыкка ээ экени белгиленет. Z муунунун өкүлдөрүнүн 77%ы финансылык билим алганын билдирген. Миллениалдар арасында бул көрсөткүч 69%, ал эми X муунунда – 58%.
Бүгүнкү күндө Z мууну Binance компаниясынын инвестициялык продуктуларын колдонгон колдонуучулардын эң ири курактык тобу болуп саналат. 2026-жылдын январынан июль айына чейин компаниянын TradFi продуктуларын колдонгон жаштардын үлүшү 41%дан 47%га чейин өскөн.
Изилдөө жаш инвесторлор ашыкча тобокелчиликке жакын болот деген кеңири тараган пикирди да четке каккан. Z муунунун соода көлөмүнүн болгону 5,9%ы гана ETFтерге туура келет. Бул бардык курактык топтор арасындагы эң төмөнкү көрсөткүч болуп эсептелет. Мындан тышкары, Z муунунун өкүлдөрү күнүнө орточо 2,6 бүтүм түзүшсө, калган колдонуучуларда бул көрсөткүч үч бүтүмдү түзөт.
Жаш колдонуучулардын эң алгачкы популярдуу инвестициялары NVIDIA, Micron, Tesla, Apple компанияларынын акциялары, ошондой эле Nasdaq-100 индексине байланган ETFтер болгон.
Binance Research маалыматына ылайык, 2026-жылдын башынан бери Z муунунун өкүлдөрү Binance'тин TradFi продуктулары боюнча болжол менен 80 млрд долларлык соода көлөмүн камсыздашкан, ал эми ай сайынгы соода көлөмү орточо 24%га өсүп турган.
Талдоочулардын пикиринде, инвесторлордун жаңы мууну финансылык рынокторго мурдагыдан эртерээк келип, жакшыраак даярдык менен катышууда жана инвестицияны капитал топтоонун узак мөөнөттүү куралы катары көбүрөөк карай баштады.
Маалымат үчүн:
- Бэби-бумерлер (1946–1964);
- X мууну (1965–1980);
- Миллениалдар (1981–1996);
- Зумерлер (1997–2012).

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.