Эгерде бизнес жаңы ачылган болсо же бир жылга жетпеген убакыттан бери иштеп жатса, кепилдик алууга мүмкүнбү?

Банктар «жаш» бизнеске этият мамиле кылары белгилүү, бирок ишкерлер иштеп баштагандан жарым жыл өткөндөн кийин күрөө жетишсиз болгон учурда насыя ала алышат. Кепилдик фонду үчүн негизги критерий - бизнес-пландын келечектүүлүгү жана алдыдагы кирешенин реалдуулугу.

Эгерде бизнес жаңы ачылган болсо же бир жылга жетпеген убакыттан бери иштеп жатса, кепилдик алууга мүмкүнбү?
Фото: Banks.kg

«Кепилдик фонду» ААКсы ишмердүүлүк тажрыйбасы 6 айды түзгөн ишкерлерге кепилдик бере алат.

Муну менен катар негизги көңүл бизнес-долбоордун уланып кетүү жөндөмдүүлүгүнө, анын экономикалык негизделишине жана өнүгүү перспективаларына бурулат. Банк жана «Кепилдик фонду» ААКсы бизнес-планга, болжолдуу кирешеге, ишкердин тажрыйбасына жана башка факторлорго баа беришет.

Эгерде долбоор келечектүү деп табылып, банк менен Кепилдик фонддун талаптарына жооп берсе, бизнес жаңы ачылган күндө да кепилденген насыя ала алат.

#GMW2026KG 

#GMW2026 

#GlobalMoneyWeek2026 

#SmartMoneyTalks

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.