Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы жарандардын ыңгайлуулугу үчүн QR-код иштеп чыкты:
Ал үчүн эмне кылуу керек:
- QR-кодду сканерлөө;
- Өзүңүздүн жеке идентификациялык номериңизди киргизүү;
- Издөө баскычын басуу;
- Текшерүүнүн жыйынтыгы менен таанышуу.

Система карыздын бар-жогун жана өлкөдөн чыгууга коюлган чектөөлөр тууралуу маалыматты көрсөтөт.
Карыз болгон учурда, маалыматты тактоо жана маселени чечүү үчүн системада көрсөтүлгөн сот аткаруучусу менен байланышууга болот.
Ошондой эле карызды «Түндүк» мамкызматтар порталы аркылуу «Карызды текшерүү» сервисинин жардамы менен текшерүүгө болот.
Мекеме эскертет: эгерде карыз сапарга чейин төлөнсө, коюлган чектөөлөр жоюлушу үчүн бир аз убакыт талап кылынышы мүмкүн, андыктан текшерүүнү алдын ала бүтүргөн оң.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.