Мурасты кимдер ала алат?
Кыргызстанда мурас эки жол менен жол-жоболоштурулат:
Керээз боюнча. Эгерде маркум керээз калтырган болсо, мүлк анын каалоосуна ылайык бөлүштүрүлөт. Бирок мыйзам айрым туугандарды — мисалы, жашы жете элек балдарды жана майыптыгы бар ата-энени же жубайды коргойт, алар мүлктөн милдеттүү үлүш алууга укуктуу.
Мыйзам боюнча. Эгер керээз жок болсо, маркумдун балдары, жубайы жана ата-энеси биринчи кезектеги мураскерлер болуп саналат. Эгер алар жок болсо, укук кийинки кезектеги мураскерлерге өтөт.
1-кадам. Нотариуска кайрылуу
Биринчи кыла турган нерсе - нотариуста мурас ишин ачуу.
Маанилүү: муну керээз калтыруучу каза болгон күндөн тартып алты айдын ичинде жасоо зарыл.
Алгачкы кайрылуу үчүн төмөнкүлөр керек болот:
- каза тапканы тууралуу күбөлүк;
- паспорт;
- туугандык байланышты тастыктоочу документтер (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү ж.б.).
Документтердин айрымдары чогултула элек болсо да, нотариуска барууну кийинкиге калтырбоо керек.
2-кадам. Документтерди чогултуу
Иш козголгондон кийин, нотариус сизге кандай документтерди тапшыруу керектигин билдирет.
Адатта, төмөнкүлөр талап кылынат:
- батирге, үйгө, жер тилкесине же транспорт каражатына тиешелүү документтер;
- маркумдун акыркы жашаган жерин тастыктаган документ;
- керээз (эгер бар болсо);
- мурастын курамына жараша башка документтер.
3-кадам. Мүлктү баалоодон өткөрүү
Мамлекеттик алымды эсептөө үчүн мүлк бааланышы керек. Бул ишти көз карандысыз баалоочулар аткарышат.
Баалоо мүлктүн мурас калтыруучу каза болгон күндөгү наркынын негизинде жүргүзүлөт.
4-кадам. Мамлекеттик алымды төлөө
Баалоо жүргүзүлгөндөн кийин, нотариус мамлекеттик алымдын суммасын эсептеп чыгат.
Көпчүлүк учурларда жакын туугандар мурас салыгын төлөөдөн бошотулат, бирок, күбөлүк берүү үчүн мамлекеттик алым белгиленген тартипте төлөнүшү керек.
5-кадам. Мурас алуу укугу жөнүндө күбөлүктү алуу
Алты айлык мөөнөт аяктап, бардык документтер текшерилгенден кийин, нотариус мурас алуу укугу жөнүндө күбөлүк берет.
Бул документ мураскердин мүлккө болгон укугун ырастайт.
6-кадам. Мүлктү өз атыңызга каттатыңыз
Эгерде мураска төмөнкүлөр кирсе:
- батир, үй же жер тилкеси — менчик укугун Кадастрда каттатышыңыз керек;
- транспорт каражаты — аны «Унаа» мамлекеттик ишканасында кайра каттатышыңыз керек;
- компаниядагы үлүш — өзгөртүүлөрдү юстиция органдарында каттатышыңыз керек.
Мураскер мүлктүн толук укуктуу ээси болуп, аны каттаткан соң гана саналат.
Эгер белгиленген мөөнөт өтүп кетсе, эмне кылуу керек?
Эгер алты айлык мөөнөт өтүп кеткен болсо, мураска укукту талап кылууга болот, бирок сот аркылуу.
Ошондой эле төмөнкү учурларда соттук териштирүү зарыл болушу мүмкүн:
- мураскерлердин ортосунда талаш-тартыш жаралса;
- документтер жоголуп кетсе;
- туугандык байланышты тастыктоо керек болсо;
- керээз талашка түшсө.
Мындай учурларда юристтин жардамына кайрылуу эң туура чечим болуп саналат.
Эске алуучу негизги жагдайлар
- Тууганыңыз каза болгондон кийин алты айдан кечиктирбестен нотариуска кайрылыңыз.
- Керектүү документтерди чогултууну кечиктирбеңиз.
- Күбөлүктү алгандан кийин, мүлктү сөзсүз түрдө өз атыңызга каттатыңыз.
- Эгерде талаш-тартыш жаралса же белгиленген мөөнөт өтүп кетсе, маселени сот аркылуу чечүүгө болот.
Мурасты өз убагында жол-жоболоштуруу узакка созулган соттук териштирүүлөрдөн качууга жана мүлккө болгон мыйзамдуу укуктарыңызды коргоого жардам берет.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.