Чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо үчүн бекитилген методика колдонулат, бул – Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/15 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелери».
Жалпак тил менен айтканда, коммерциялык банктар күн сайын Автоматташтырылган соода системасында (АСС) АКШ долларын сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды жүргүзүшөт. Доллардын курсун аныктоодо мурунку күндүн саат 15:00нөн тартып учурдагы күндүн саат 15:00нө чейинки мезгилде АССте жүргүзүлгөн операциялар эске алынат. Бул мезгил эсептөө мезгили болуп саналат.
Расмий курсту эсептөөнүн негизи болуп банктар аралык рынокто АКШ долларын сатып алуу жана сатуу боюнча бүтүмдөрдүн көлөмү жана ошол бүтүмдөр жүргүзүлгөн курстар эсептелет. Ошонун негизинде эсептөө мезгили ичинде АСС аркылуу валюталык рынокто түзүлгөн АКШ долларын сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүнүн орточо салмактанып алынган курсу чыгарылат.
Мисал келтирилет

Слайдда АКШ долларынын сомго карата расмий курсун аныктоонун мисалы көрсөтүлгөн. Анда долларды сатып алуу жана сатуу боюнча ар кандай суммаларга жана ар башка курстар менен төрт бүтүм жүргүзүлгөнү көрүнөт. Курсту аныктоо үчүн бүтүмдөрдүн сом менен эсептелген жалпы суммасы долларлардын жалпы суммасына бөлүнөт. Натыйжада алынган көрсөткүч АКШ долларынын сомго карата орточо салмактанып алынган курсу болуп эсептелет.
Эгер эсептөө мезгили ичинде соода жүргүзүлбөсө, расмий курс акыркы колдонулуп жаткан деңгээлде сакталат. Көрсөткүч үтүрдөн кийин төрт белгиге чейин тактык менен аныкталат.
Banks.kg Улуттук банк күн сайын кыргыз сомуна карата расмий курсун аныктаган беш чет өлкө валютасынын тизмесин эске салат:
- АКШ доллары;
- евро;
- орус рубли;
- казак теңгеси;
- кытай юаны Жэньминьби.
Мындан тышкары, Улуттук банк кыргыз сомуна карата дагы 39 чет өлкө валютасынын расмий курсун жума сайын белгилейт:
- австралия доллары;
- азербайжан манаты;
- англия фунт стерлинги;
- армян драмы;
- афган афганиси;
- беларус рубли;
- (КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 18-февралындагы №2026-П-09/10-4-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготкон);
- бразилия реалы;
- венгр форинти;
- Корея Республикасынын вонасы / түштүк корея вону;
- грузин лариси;
- дания крону;
- БАЭ дирхамы;
- индия рупиясы;
- иран риалы;
- канада доллары;
- (КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 7-августундагы №2024-П-09/34-1-(БС) токтомуна ылайык тизмеден чыгарылган);
- кувейт динары;
- (КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы №45/14 токтомуна ылайык тизмеден чыгарылган);
- (КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-октябрындагы №47/7 токтомуна ылайык күчүн жоготкон);
- малайзия ринггити;
- молдова лейи;
- монгол тугриги;
- жаңы түрк лирасы;
- жаңы зеландия доллары;
- жаңы тайвань доллары;
- жаңы түркмөн манаты;
- норвегия крону;
- пакистан рупиясы;
- поляк злоту;
- СДР;
- сингапур доллары;
- тажик сомониси;
- өзбек суму;
- украин гривнасы;
- чех крону;
- швед крону;
- швейцария франкы;
- жапон иенасы;
- сауд риалы;
- гонконг доллары;
- индонезия рупиясы;
- оман риалы.
2024-жылдын апрель айында Улуттук банк жума сайын курсу аныкталган валюталардын тизмесине дагы үч валютаны кошкон: оман риалын, гонконг долларын жана индонезия рупиясын.
2026-жылдын февраль айында КРнын Улуттук банкы жума сайын курсу аныкталган валюталардын тизмесинен болгар левин алып салган. Бул чечим 2026-жылдын 1-январынан тартып Болгариянын расмий түрдө еврого өтүшүнө байланыштуу кабыл алынган.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.