2025-жылы Орусияда азык-түлүк таңгагынын орточо салмагы кыскарууда, «NTech» изилдөө компаниясынын маалыматы боюнча, 2025-жылдын экинчи кварталында бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 3%га төмөндөгөн.
Стелсфляция деген эмне?
Шринкфляция менен скимпфляция түшүнүгү чогулуп, «стелсфляция» деп аталган көрүнүштү жаратат. Бул (шринкфляция) товарлардын көлөмүн же өлчөмүн азайтып, бааны өзгөртпөстөн сатуу болуп саналат, ал эми (скимпфляция) сапатты түшүрүп, кымбат ингредиенттердин ордуна арзандарын колдонуу. Мунун баары товарлардын көлөмүнүн азайышына, сапатынын начарлашына же айрым продукциялардын дүкөн текчелеринен таптакыр жоголушуна алып келет.
Шринкфляция
«Шринкфляция» термини англис тилиндеги «инфляция» жана «кичирейүү» (to shrink) деген эки сөздөн алынган.
Бул көрүнүштө товар кымбаттабайт, бирок көлөмү азаят, (мисалы, таттуу токочтун таңгагы кичирейип, баасы ошол бойдон калат. Эгерде сиз литрлик банкадагы туздалган бадыраң сатып алып, үйгө келгенде анын мурункудай көрүнгөнү менен көлөмү кичирээк экенин байкайсыз, бул шринкфляцияга ачык мисал, же 10 жумуртканын ордуна 9 жумуртка салынуусу, же сиздин сүйүктүү 100 граммдык шоколадыңыздын 80 грамм гана болуп калганы.
Шринкфляция көбүнчө азык-түлүктөргө тиешелүү: жарма, консерва, өсүмдүк майы, чай, сүт азыктары, гастрономия, ж.б бирок азык-түлүк эмес товарларда да бар: даараткана кагазы, самын жага тазалоочу каражаттар, косметика.
Качан товардын өндүрүш чыгымдары өсө баштаса, бизнес татаал тандоого туш болот:
- өндүрүмгө болгон бааны көтөрүү;
- эски бааны сактап калып, бирок сапатын аксатып;
- мурдагы бааны калтырып, киреше албоо;
- бааны мурдагыдай калтырып, көлөмүн же салмагын азайтуу.
Албетте, ишкерлер акыркы жолду тандоого аргасыз болушат. Бул ыкма акыркы жылдары дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө кеңири жайылган.
Скимпфляция
«Скимпфляция» (англис тилиндеги skimp «үнөмдөө, сараңдануу») деген сөздөн келип чыккан, бул— товар же кызматтын сапаты төмөндөп, бирок баанын ошол бойдон калуусу.
Скимпфляция - бул кымбат ингредиенттерди арзан альтернативалар менен алмаштыруу (сары майды пальма майына алмаштыруу) же тамак-аш азыктарында сапаты төмөн чийки затты колдонуу аркылуу продукциянын сапатын төмөндөтүү.
Бул дагы стелсфляциянын бир түрү болуп эсептелет, өндүрүүчүлөр чыгымдардын өсүшүн жабуу үчүн бааны көтөрбөй, сапатты жашыруун түшүрүшөт.
Стелсфляцияны кантип билүүгө болот?
Баштыктагы продукциянын санына көңүл буруңуз. Ар кандай мезгилдерде бир бренддин азыктары үчүн ингредиенттердин тизмесин салыштырыңыз. Жана сапатына көз салыңыз: товардын даамдуулугу, текстурасын жана сырткы көрүнүшүн баалаңыз.
Орусиядагы стелсфляциянын себептери кандай?
Чийки заттын кымбатташы: өндүрүүчүлөр өз продукциясынын бааларын кармап туруу үчүн чыгымдарды кыскартууга аргасыз болушат. Санкциялар, импорттолуучу компоненттердин жеткиликтүүлүгүнүн кыскарышы жана логистикалык чыгымдардын өсүшү да өндүрүштүк чыгымдарга таасирин тийгизүүдө.
Бааларды көтөрүүнү каалабагандык. Көптөгөн компаниялар бааны көтөрүү менен кардарларын жоготпоого аракет кылышат, ошондуктан азыраак көрүнгөн чыгымдарды кыскартуу ыкмаларын тандашат.
Бул керектөөчүлөр үчүн эмнеге маанилүү?
Кеп сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүндө болууда. Сиз ошол эле бааны төлөйсүз, бирок азыраак же сапаты төмөн товар аласыз. Стелфляция түшүнүгү сизге көбүрөөк негизделген сатып алуу чечимдерин кабыл алууга жана жакшы келишимдерди табууга жардам берет.
Дүкөнгө эсептегич менен барыңыз!
Бир катар пайдалуу кеңештер:
- Стелсфляцияга кабылышы мүмкүн болгон товарларды сатып алууда кунт коюп текшериңиз;
- Таңгактын жаңы дизайнына көңүл буруңуз;
- Кандайдыр бир азык-түлүктөгү этикеткаларды башка өндүрүүчүлөрдүкү менен салыштырып окуңуз;
- Жаныңызга эсептегич алыңыз. Бааны бирдиктүү өлчөмдө эсептеңиз килограмм, литр, жана даанасын;
- Чоң таңгагы менен же дүңүнөн сатып алыңыз;
- Акциялар жана арзандатууларды караңыз.
Керектөөчү катары укугуңузду унутпаңыз! Зарыл болсо өндүрүүчүлөргө, дүкөндөргө же мамлекеттик органдарга кайрылыңыз.
2025-жылдын сентябрынын башында Германияда Milka”ны шоколаддын өлчөмүн кичирейткени үчүн сотко беришкен. Гамбургдун Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо борбору Milka шоколадын чыгарган Монделезди, ошол учурда продукциянын салмагын 100 граммдан 90 граммга түшүргөн «амалдуу таңгак» колдонгону үчүн сотко берген.
Мындай көрүнүш Кыргызстанда да байкала башталы. Анда бул жактан шоколаддын өтө жука катмары бар момпосуйларды көп сатып алса болот, мурда мындай эмес болчу. Башка мисалдар да бар.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.